View in Telegram
☝️ "Алладан корккула! Албетте Ал - жасаган иштериңерди анык Билүүчү" 🔖 Куран [Хашр сүрөсү, 59/18] Пенде өмүрүн кандай өткөргөнүн, акырет үчүн эмне иш жасаганын ойлосо ошол нерсе анын жүрөгүнүн тазаланышына себеп болот. 🔶 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам]: "Бир сааттык ой жүгүртүү - бир жылдык ибадаттан жакшы", - деген. Абу Лайс ас-Самаркандинин тафсиринде да ушундай айтылат. Акылдуу кишилер өткөн күнөөлөрүнө тообо кылып, өзүн акыретте тозок отунан куткара турган жана Аллага жакындатчу иштер туурасында ойлонсун жана аларды аткаруу менен акыретин куткарсын. Максаты жок , аягы белгисиз иштер менен алек болбосун! Жаман иштерди таштоого шашылсын! Ар дайым Алланы эстеп, арам иштерден оолак болсун! Напсисинин шариятка жатпаган каалоолорунан качып, ага каршы туруктуулукту сактасын! © "Жүрөктөрдүн ачкычы" китебинен
Telegram Center
Telegram Center
Channel