☝️"Алладан корккула! Албетте Ал - жасаган иштериңерди анык Билүүчү"
🔖 Куран [Хашр сүрөсү, 59/18]
✅ Пенде өмүрүн кандай өткөргөнүн, акырет үчүн эмне иш жасаганын ойлосо ошол нерсе анын жүрөгүнүн тазаланышына себеп болот.
🔶 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам]:
"Бир сааттык ой жүгүртүү - бир жылдык ибадаттан жакшы", - деген.
✅ Абу Лайс ас-Самаркандинин тафсиринде да ушундай айтылат.
❗ Акылдуу кишилер өткөн күнөөлөрүнө тообо кылып, өзүн акыретте тозок отунан куткара турган жана Аллага жакындатчу иштер туурасында ойлонсун жана аларды аткаруу менен акыретин куткарсын.
❗ Максаты жок , аягы белгисиз иштер менен алек болбосун!
❗ Жаман иштерди таштоого шашылсын!
❗ Ар дайым Алланы эстеп, арам иштерден оолак болсун!
❗ Напсисинин шариятка жатпаган каалоолорунан качып, ага каршы туруктуулукту сактасын!
"Алтын-күмүштү чогултуп, аларды Аллах жолунда колдонбогондорго жан ачыткан азапты сүйүнчүлө!"
"Кыямат күнү ошол алтын менен күмүш тозок отуна ысытылып, аны менен маңдайлары, мурундагы жана арка-бели кайрылат жана адарга: "Мына ушул өзүнөр үчүн чогултканыңар. Чогултканыңардын даамын таткыла" - деп айтылат".