🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊

Channel
Religion and Spirituality
Education
News and Media
Motivation and Quotes
KyrgyzKyrgyzstanKyrgyzstan
Logo of the Telegram channel 🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
@amanatmediakgPromote
8.08K
subscribers
846
photos
222
videos
163
links
📌 "ЭСКЕРТКИН, анткени эскертүү ыймандууларга пайда берет".{Зарият 55} 📘_Суроо - жооп. 📕_Хадис - аяттар. 📗_Видео - сүрөттөр. 📕_Баян - сабактар. 📘_Дуба - сүрөөлөр. Владелец канала : @hanikyz
To first message
БҮТКҮЛ ДЕНЕНИ АТАЙЫН ЭРЕЖЕ БОЮНЧА ЖУУШ ЭМНЕ ДЕП АТАЛАТ?
Anonymous Quiz
3%
Таяммум
91%
Гусул
7%
Даарат
🔴Жашооңузга береке берген 7 адат.

Төмөнкү 7 руханий адатты жашоонузга киргизе алсаныз, алар
өмүрүңүзгө береке алып келет жана ишиңизде ийгиликке өбөлгө болот,
эң негизгиси – Алла Тааланын ыраазычылыгына алып келет.

Кайсы адаттарды өрчүтүү керек:
1. Намазга чейин жана намаздан кийин сүннөт намаздарын окуу. «Ким күнүнө 12 рекет сүннөт намазын окуса (парз намазын эсепке албаганда) ага Бейиштен үй курулат».

2. Намаздан кийин Алланы зикир кылуу.
Ким намаздан кийин үч жолу: "Астагфиру ллаха лази ла илааха илла хувал хаййюм ва атубу илайхи» деп айтса, Алла Таала анын бардык күнөөлөрүн, эгер алардын саны деңиздеги көбүктүн өлчөмүнө барабар болсо да кечирет".

3. Эртең менен жана кечинде Алланы зикир кылуу.
Чындыгында, "Субханаллах", "Алхамдулиллах", "Лаа илааха иллаллах" жана "Аллах" деген сөздөрдү айткыла. Алар кандай сонун!" (Аллаху Акбар!)

«Аллахтан башка илах жок, Анын шериги жок, мактоолор Ага гана болсун жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү» деп он жолу кайталаган адам Исмаилдин (Алейхис Салам) урпактарынын арасында 4 кулду азат кылганга окшош.

4. Тахаджуд намазы. «Ким түндө ойгонуп, аялын ойготуп, аны менен эки рекет намаз окуса, Аллахты көп зикир кылган аял жана эркек деп жазылат».

5. Духа намаз.
«Кимде-ким эки рекет духа намазын окуса, Аллах Таала баардык күнөөлөрүн кечирет». «Бейиште «Рух» деген дарбаза бар. Кыямат күнү жарчы: «Духа намазын окугандар кайда? Бул сенин эшигиң, Аллахтын ырайымы менен кир” деп айтат.

6. Жатар алдында дуба кылуу.
Али (р.а.) айтты: «Мен уктаар алдында Аятул-Курсини окубаган мусулмандарды түшүнө албайм. Эгер бул аяттын канчалык улуу экенин билсеңер, аны окууну эч качан таштабайт элеңер, анткени ал Арш казынасынан силердин элчиңер Мухаммадге (Саллаллоху Алейхи ВаСаллам) берилген".

7. Күндө Куран окуу.
«...(Куранды) окуңуз, аны окуганыңыз үчүн Аллах Таала ар бир тамга үчүн – он сооп берет, мен Алиф, Лам, Мим үчүн – он сооп деп айтпайм, бирок Алифке – он, Лам - он, Мим үчүн - он (жооп).
Ал эми босогодо турган кереметтүү Рамазан айында ар бир тамгага 70 эселенип берилет, Ин шаа Аллах!
هناك شيئان يحددانك: صبرك عندما لا يكون لديك شيء وسلوكك عندما يكون لديك كل شيء

«Тебя определяет две вещи: твое терпение, когда у тебя ничего нет и твое поведение, когда у тебя есть всё»
💚 • ХАДИС

🌸 Абу Айюб Ансари (р.а.) дан Пайгамбар (с а.в.) дын мындай деп айтканын уккам:

"Ким жума куну жуунуп,болгон атырынан себинип,жакшы кийимин кийип,уйунон чыгып,мечитке келип эч кимге ыза бербестен (адамдардын ийининен аттап отпой),убакыт болсо нафил намаз окуп,имам хутбага чыгып намаз окуганча тынч отурса,эки жуманын ортосундагы куноолору кечирилет".

🫀 (Ахмаддын "Муснады")
АМИНА ЭНЕБИЗ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ С.А.В.ДЫ ТӨРӨГӨН КЕЗДЕ ЖАНЫНДА БОЛГОН АЯЛДАР ?
Anonymous Quiz
48%
Халима, Сумаййа.
11%
Насиба, Айман.
24%
Шифа, Фатима.
17%
Хадича, Салима.
Forwarded from ТИЛМЕЧ (TelepostBot)
​​🔴 НАМАЗГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАН ААЛЫМДЫН АЯНДУУ ТҮШҮ

Имам Убайдуллах ибну Умар аль-Каваририй (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты: 

«Мен куптан намазын такай жамаат менен гана окучум. Бир күнү үйгө конок келип калды. Ошол себептүү намаздан алаксып кетип, куптан намазын жамаат менен мечиттен окуганга жетишпей калдым. Анан үйдөн чыгып, балким куптан окуй элек адамдар бар болсо, ошолор менен чогу намаз окуюн деген үмүттө жакын жайгашкан мечиттерди кыдырдым. Бардык мечиттер жабык экен, адамдар намаз окуп коюшуптур. Мен жамаат менен намаз окуй албай калганыма кайгырып үйгө кайтып келип, өзүмө мындай деп айттым:

«Пайгамбарыбыз ﷺ хадисте: «Эркек кишинин жамаат менен окуган намазы жалгыз окуган намазынан 27 эсе сооптуу» — деп айтылган дедим да, өткөрүп жиберген соопко жетиш үчүн куптан намазына барабар 27 жолу намаз окудум. Андан соң уктайын деп жаттым.

Түшүмдө атчан адамдар менен чогу кетип баратыпмын. Алар менден алдыда кетип баратышат, бирок мен аларды кууп жетейин деп такыр жете албай койдум. Ошондо алардын бирөөсү мага кайрылып:

«Атыңды жөн эле чарчатып жатасың, сен бизге баары бир жете албайсың» — деди. 

Мен андан:
— Эмне үчүн? — деп сурадым.
— Анткени биз куптанды жамаат менен окудук, а сен жалгыз окудуң,— деп жооп берди.

Ошондо мен капаланган абалда чоочуп ойгонуп кеттим. ("Сияр аль-Аълаам ан-Нубала", 11/444)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.center/tilmech
➤➤ https://t.center/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🤍 • ХАДИС

📚 Ибн Мас'уд р.а. Алланын Элчиси с.а.в.дын мындай дегенин кабарлайт:

«Бейиш силердин ар бириңерге бут кийимиңердин боосунан да жакыныраак жана тозок да ар бириңерге ошончолук эле жакын».

❄️Имам аль-Бухари рыбаяты
•°~•°~•°~•°~•°~•°~•°~•°~•°~•°~•°

📚Хадистен алынган сабактар:

🌹1-Ибадат кылуу бейишке алып барат, ал эми күнөө иш тозокко жакындатат.
🌹2-Кээде ибадат кылуу, кээде күнөө иш кылуу эң оңой иш болуп калат.
🌹3-Жакшы иштерди аз көрүп аларды аткарбай таштап койбой, аткарып, жаман ишти аз көрбөй андан алыс болуу зарыл. Анткени пенде кайсы сооптуу ишти аткаруу менен Алланын ырайымына ээ болуусун жана кайсы күнөө ишти аткаруу менен Алланын каарына калаарын билбейт.
🌹4-Түз ниет менен сооптуу амалдарды аткарган адам үчүн бейишке кирүү жеңил.

📚Момундар бакчасы
💚Аллахтын элчиси (с.а.в.) айтты :  Сага пайдасы тийген гана нерсеге умтулгун.  Аллахтан жардам сура , алсыздык кылба !!!

💚Шейх Усеймин а.с. айтты :  Эгер Аллахтан жардам сурап ,  пайдалуу нерсеге умтулсаң , ушул учурда көздөгөн ишинде күчтүү , шамдагай болосун . Сага бир нерсе болсо :
"Аттиң ай , эгерде мындай кылган ,  мындай болмок " -  деп айтпа ! "Бул Аллахтын тагдыры ,  Аллах каалагандай болот "- деп айтканын туура болот !!!

•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Хадис-и шарифте: “Үммөтүмдүн эки жаман мүнөзгө учуроолорунан катуу корком. Алар - напсиге баш ийүү жана өлүмдү унутуп, дүнүйөнүн артынан кубалоо”, - деп айтылган.



Катталыңыз!!⤵️
https://t.center/amanatmediakg
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ С.А.В.ГА КАНЧА ЖАШЫНДА ПАЙГАМБАРЛЫК МИЛДЕТ БЕРИЛГЕН ?
Anonymous Quiz
26%
~ 25.
3%
~ 28.
67%
~ 40.
4%
~ 63.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В)ДЫН ПАЙГАМБАРДЫК МӨӨРҮ ДЕНЕСИНИН КАЙСЫ ЖЕРИНДЕ БОЛГОН?
Anonymous Quiz
75%
Эки далысынын ортосунда
6%
Колунда
2%
Бутунда
17%
Эч кандай мөөр жок
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ушул көз эмнелерди гана көрбөдү 🥀

Эми айтыңызчы! Ушул көздөр Аллах Тааланын жамалын көрүүгө татыктуубу ?😔

Көздү сактаганды үйрөнүңүз❗️
Көчө кездим, көрдүм түркүн кыздарды,
Жоолугу жок, ачык бардык ыйманы.
Эч өмүрүн ойлобогон бул кыздар,
Акырет күн кантип табат айланы.

Кел эжеке жоолук салын кеч эмес,
Ар намысты тебелеткен жакшы эмес.
Чачты жайып, көрүнгөнгө жалжактап.
Күнөөлөрдү үйүп алуу керек эмес.

Кел сиңдим жоолук салын кеч эмес,
Аял заты алтындан да кем эмес.
Алтын деле кум астында катылган,
Ойлон сиңдим, жамынууга кеч эмес.

Канал жамааты.

•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
🕊🕋 𝐀𝐌𝐀𝐍𝐀𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀 🕋🕊
•┈┉••✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾✾••┉┈•
More