" Төрт нерсе жакшы, ал эми төрт нерсе алардан да жакшыраак.
🍀1. Уят эркек үчүн жакшы, ал эми аял үчүн андан да жакшыраак. 🍀2. Эр адамдын адилеттүү болгону жакшы, башкаруучулардын адилеттүү болгону андан да жакшыраак. 🍀3. Кары адамдын тообого келгени жакшы, ал эми жаш жигиттин тообо кылганы андан да жакшыраак. 🍀4. Байлардын жоомарт болгону жакшы, ал эми кедейлердин жоомарттыгы андан да жакшыраак.
🌳Бир жолу өмүр өлүмдөн: - Эмне үчүн адамдар сени жаман көрөт, а мени жакшы көрөт? Анда өлүм: - Анткени сен таттуу жалгансын,а мен ачуу чындыкмын - деп жооп бериптир.
•📚• Абу Хурайра р.а. дан риваят: «Пайгамбар с.а.в. айтты: «Ыймандын жетимиштен ашык шагы бар. Алардын эң улуусу – «Лаа илааха иллаллох» сөзү. Эң кичинекейи — жолдогу ыза берүүчү нерсени алып коюу. Ошондой эле уялуу да ыймандын бир шагы». (Муслим).
•🍀• ТҮШҮНДҮРМӨ : Уялуунун акыйкаты – инсанды ката иштен тосуусунда жана укуктуу кишинин укугуна кыянат кылуудан тосууда жатат.
✨Аллама Ибн Касир Куран окуу адептеринен кээ бирлерин төмөндөгүчө келтирген:
✨1.Куранды даарат менен гана кармоо жана окуу. ✨2.Тилаават кылуудан мурда тишин мисвак менен тазалоо. ✨3.Эң таза кийимдерин кийип, андан кийин тилават кылуу. ✨4.Кыбылага бурулуп окуу. ✨5.Тутканак (акыл-эс жоготуу) менен ооруган адамдар аны окубай туруу. ✨6.Аны сөз менен бөлбөй окуу. Өтө зарыл сөз болсо гана токтотсо болот. ✨7.Зээнин берип, ойгоо жүрөк менен окуу. ✨8.Убада (Бейиш) аяттар келгенде Аллахтан ошону суроо. ✨9.Ал эми коркутуу (Тозоктон) фаяттары келгенде Аллахтан коргоо тилөө. ✨10.Куранды ачык таштабоо жана үстүнө бир нерсе койбоо. ✨11.Каарылар кыйкырып окуп, бири-бирине тоскоол болушу да дурус эмес. Базарларда жана башка ызы-чуу жерлерде окубаган жакшы. ✨📚12.Анастан (разияллоху анху) пайгамбарыбыздын ﷺ кандай Куран окуганын сурашканда мындай деп жооп берген: “Созуп окуган. Эгер «бисмиллахир-Рахмаанир-Рахиймди» окуса, «бисмилланы» дагы, «АрРахманды» дагы, «арРахиймди» дагы созгон.” (Бухарий)