🕋✨Бул күнү “Кахф” сүрөсүн окуу жакшы. Бул тууралуу Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтып калтырган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:
“Ким Жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, ага кийинки жумага чейин нур болот”.
Аллах Кураанды бир канча ат менен атаган. Төмөндө алардын кээ бирлерине токтололу : 🌹КУРААН - "Албетте ал-Кураандыр!" Кээ бир окумуштуулар "Кураан" сөзүн араб тилиндеги -окуу- сөзүнөн алынган дешет. Башкалары андагы кыссалар, өкүмдөр, мисалдар бири-бирине байланып келгендиктен -байлоочу- сөзүнөн алынган дешет. Кураанда "Кураан" сөзү 68 жолу кайталанат. 🌹ФУРКАН – айырма. «Пендесине Фурканды түшүргөн зат - берекелүүдүр». Жашоодо хак менен батылды, адал менен арамды, туура жол менен адашууну ажыратып берүүчү жалгыз өлчөм- Кураан болгондуктан аны - ажыратуучу десе болот. Ошондуктан Кураан хак десе - хак, батыл – батыл болуп эсептелет. «Фуркан» сөзү Кураанда 7 жолу аталат. 🌹ЭСКЕРТМЕ – «Биз өзүбүзгө бул эскертмени түшүрдүк».Аллахга ибадат кылуу жана Анын буйруктарына сөзсүз баш ийүү, Ал кайтаргандан кайтуу зарылдыгын эскертип тура алгандыгы үчүн Кураанды – эскертме десе болот. «Эскертме» сөзү Кураанда – 21 жолу кайталанат. 🌹КИТЕП – «Бул китеп, анда шек жок». Кураан - Аллах тарабынан инсан табиятына ылайык өкүм жана көрсөтмөлөрдү толук камтыган эң улуу китеп. Кураанда «Китеп» сөзү - 176 жолу кайталанат. 🌹Андан башка да Кураан- «Танзил», «Нур», «Хидаят» деп аталып, «аль- Арабий», «аль-Мубарак», «аль-Хаким», «аль-Карийм», «Нур», «Равшан», «Хидаят», «Рахмат», «Шыпаа», «Азиз», «Мөөжиза», «Башаарат берүүчү» ж.б. бир катар сапаттар менен сыпатталат.
🌼1. Кураанды урматтоо менен кыбыла тарапка жүздөнүп отуруу. 🌼2. Кураанды тактага, жаздыка же башка кичине бийигирээк нерсеге коюп окуу. 🌼3.Шашып окубоо. 🌼4. Эгер кандайдыр зарылчылык болуп калса, Кураанды жаап коюп, зарылчылыкты бүтүрүү. 🌼5. Баштаганда " Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим"-ди окуу. 🌼6. Эгер адамдар башка иштер менен алек болсо, Кураанды үн чыгарбай окуу. 🌼7. Эгер адамдар көңүл буруп отурса, Кураанды үн чыгарып бийип үн менен окуу. 🌼8. Кураанды Кураан окуунун эрежеси менен окуу. 🌼9. Кураандын маанилерине ой жүгүртүп, ырахаттанып окуу. 🌼10. Кураандын улуулугун жүрөккө орнотуу. 🌼11. Аллахтын улуулугун жана чоңдугун жүрөккө алып келүү.
Жаш, окууну жаңы бүтүргөн бала атасына келип: — Ата, уулуң үчүн кубана берсең болот. Мен университетке тапшырдым! Мен өз бактымды таптым! – дейт. — Эң жакшы, уулум – дейт атасы – анан эмне кыласың? — Беш жылдан кийин диплом алам да, сүйүктүү ишим менен алектенем. — А андан кийин эмне кыласың? — Катуу иштеп, мыкты адвокат болом. — Андан кийин?.. — Андан кийин үйлөнүп–жайланып, үй-бүлө курам. Балдарыма татыктуу тарбия берип чоңойтом... — Андан кийин эмне кыласың? – деп такый сурай берет атасы. — Ардактуу эс алууга кетем, балдарымдын ийгилигине кубанып, алардын турмушта өз ордун табуусуна акыл айтып, жардам берем. — Андан кийинчи? — Андан кийинби?.. – уулу ойлонуп калат да, – андан кийин акка моюн сунабыз го... жашоодо түркүк болуп ким калмак эле... — Андан кийин эмне болот, уулум, андан кийин эмне болот? – деп, үнү каргылдана акырын суроо узатат атасы. Уулу көпкө ойлонуп, ишенимсиз түрдө: — Мен негизгисин унутуп калыптырмын, ата. Мен бул турмушта сизге ыраазымын! Мени эрезеге жеткирген, турмушта ордумду табууга жардам берген сизге ыракмат! Мен сизге ыраазымын! – деп атасын кучактайт.
Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы – жакшы тарбиясы. (Хадис) Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат. (Макал) Атың барда эл тааны, атаң барда жер тааны. (Макал) Адам канчалык адилет болсо, адилетти ошончолук жакшы көрөт. (Цицерон) Өз милдетин аткаруу кээде абдан кыйын болот, бирок аны аткарбай калуу андан да кыйын болот.( А. Дюма) 📚Турмуш сабактары китебинен
" Төрт нерсе жакшы, ал эми төрт нерсе алардан да жакшыраак.
🍀1. Уят эркек үчүн жакшы, ал эми аял үчүн андан да жакшыраак. 🍀2. Эр адамдын адилеттүү болгону жакшы, башкаруучулардын адилеттүү болгону андан да жакшыраак. 🍀3. Кары адамдын тообого келгени жакшы, ал эми жаш жигиттин тообо кылганы андан да жакшыраак. 🍀4. Байлардын жоомарт болгону жакшы, ал эми кедейлердин жоомарттыгы андан да жакшыраак.
🌳Бир жолу өмүр өлүмдөн: - Эмне үчүн адамдар сени жаман көрөт, а мени жакшы көрөт? Анда өлүм: - Анткени сен таттуу жалгансын,а мен ачуу чындыкмын - деп жооп бериптир.
•📚• Абу Хурайра р.а. дан риваят: «Пайгамбар с.а.в. айтты: «Ыймандын жетимиштен ашык шагы бар. Алардын эң улуусу – «Лаа илааха иллаллох» сөзү. Эң кичинекейи — жолдогу ыза берүүчү нерсени алып коюу. Ошондой эле уялуу да ыймандын бир шагы». (Муслим).
•🍀• ТҮШҮНДҮРМӨ : Уялуунун акыйкаты – инсанды ката иштен тосуусунда жана укуктуу кишинин укугуна кыянат кылуудан тосууда жатат.