Внесены изменения в Уголовный, Гражданский и Семейный кодексы Кыргызской Республики
Президент Кыргызской Республики Жапаров Садыр подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Семейный кодекс Кыргызской Республики)».
Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 17 октября 2024 года.
Настоящий Закон разработан и принят в целях ужесточения наказания за уклонение совершеннолетних трудоспособных детей от выплаты средств на содержание своих нетрудоспособных и нуждающихся в материальной помощи родителей на основании судебного акта.
Законом предусматривается внести изменения в следующие законодательные акты Кыргызской Республики:
– в частях 1 и 2 статьи 179 Уголовного кодекса Кыргызской Республики предусмотрены усиленные санкции за уклонение совершеннолетними трудоспособными детьми от выплаты на основании судебного решения средств на содержание нетрудоспособных и нуждающихся в материальной помощи родителей при сумме задодженности, образовавшейся в период, не превышающий 12 месяцев, от наложения штрафа от 200 до 500 расчетных показателей до привлечения к общественным работам от сорока до ста часов или исправительным работам на срок от двух месяцев до одного года, а при сумме задолженности, образовавшейся в период, превышающий 12 месяцев, от привлечения к исправительным работам на срок от одного года до трех лет или наложения штрафа от 500 до 1000 расчетных показателей до лишения свободы на срок до трех лет.
В третьей части данной статьи Уголовного кодекса вводится новая норма, предусматривающая ответственность лиц, обязанных содержать на основании решения суда нетрудоспособных и нуждающихся в материальной помощи родителей, за уклонение от выплаты на их содержание, путем сокрытия, занижение размера своей заработной платы и приравненных к ней доходов, а равно за уклонение от трудоустройства, и соответствующей санкции в виде привлечения к исправительным работам от одного года до трех лет или наложения штрафа от 500 до 1000 расчетных показателей, или лишения свободы на срок до трех лет;
– статья 204 Гражданского кодекса Кыргызской Республики дополняется нормой, предусматривающей право выдачи доверенности местной государственной администрацией и органами местного самоуправления на предъявление интересов нетрудоспособных и нуждающихся в материальной помощи родителей по обращению в суд для взыскания алиментов;
– Семейный кодекс Кыргызской Республики дополняется нормой о том, что местная государственная администрация и органы местного самоуправления, а также органы государственного социального обслуживания вправе обратиться в суд с требованием о взыскании алиментов с трудоспособных совершеннолетних детей на содержание родителей, находящихся на государственном обеспечении или остающихся на самообеспечении и нуждающихся в материальной помощи.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Граждандык кодексине, Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан.
Тактап айтканда, Мыйзам Кыргыз Республикасынын төмөнкү Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн, 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуудан же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартууга чейинки, ал эми ошол эле каражаттардын төлөнбөгөн мөөнөтү 12 айдан ашса, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуудан же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуудан тартып, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга чейинки, квалификациялык белгилери менен жоопкерчиликтерди жана күчөтүлгөн санкцияларды караган редакцияда берилген.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин ушул эле беренесинин 3-бөлүгүндө, соттун чечиминин негизинде эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдетүү адамдын өзүнүн эмгек акысынын өлчөмүн жана ага теңештирилген кирешелерин жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете жумушка орношуудан баш тартуусу боюнча жаңы жоопкерчилик жана ал үчүн бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул салуудан тартып үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү тиешелүү санкциялар каралган;
– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 204-беренеси жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылуу боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелердин кызыкчылыктарын колдоо үчүн ишеним кат берүү укугун караган ченем менен толукталган;
– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик социалдык тейлөө органдары мамлекеттик камсыздоодо турган же өзүн-өзү камсыздоодо калган жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энелерди багуу үчүн жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укук берген ченем менен толукталган.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Келишимдин негизги максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо болуп саналат.
Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Келишим Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.
*****
Ратифицирован Договор об углублении и расширении союзнических отношений между Кыргызстаном и Казахстаном
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Договора об углублении и расширении союзнических отношений между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан, подписанного 19 апреля 2024 года в городе Астане».
Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 30 октября 2024 года.
Основной целью Договора является дальнейшее укрепление кыргызско-казахстанских добрососедских отношений в духе союзничества и стратегического партнерства.
Договор дополняет Договор о вечной дружбе от 8 апреля 1997 года и Договор о союзнических отношениях от 25 декабря 2003 года, а также открывает новые возможности для дальнейшего развития двустороннего взаимодействия.
Договор придаст дополнительный импульс комплексному развитию двустороннего взаимодействия в политической, военно-технической, экономической, инвестиционной, транзитно-транспортной, водно-энергетической, научно-технической, культурно-гуманитарной сферах, а также в сфере миграции и экологической безопасности между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан.
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Корея Республикасына расмий сапар менен келди *** 🎥Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл с официальным визитом в Республику Корея
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда, Корея Республикасына расмий сапар менен келди.
Сеул шаарынын аэропортунда Мамлекет башчысын Корея Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, Ардак кароолдун ротасы тизилди.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын Президенти жана Глобалдык өсүү институтунун Төрагасы, БУУнун мурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
****
Президент Садыр Жапаров прибыл с официальным визитом в Сеул
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 декабря, прибыл с официальным визитом в Республику Корея.
В аэропорту города Сеул Главу государства встретил Вице – министр иностранных дел Республики Корея Джо Гу Ре и другие официальные лица.
На флагштоках аэропорта вывешены государственные флаги Кыргызстана и Кореи, расстелена ковровая дорожка, выстроена рота почетного караула.
В рамках официального визита запланированы двусторонние переговоры Президента Кыргызстана Садыра Жапарова с Президентом Республики Корея Юн Сок Ёлем и со Спикером Национальной Ассамблеи Республики Корея У Вон Шиком.
Стороны обсудят весь комплекс кыргызско-корейского двустороннего сотрудничества и перспективы их развития, а также обменяются мнениями по вопросам регионального и международного характера.
В ходе визита также состоится встреча с Президентом Ассамблеи и Председателем Института глобального роста, бывшим Генеральным Секретарем ООН Пан Ги Муном.
Кроме того, Глава государства проведет встречу с представителями корейского бизнеса.
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн, 2-декабрда, Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти.
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.
Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын Президенти жана Глобалдык өсүү институтунун Төрагасы, БУУнун мурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
********
Президент Садыр Жапаров вылетел с официальным визитом в Сеул
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, по приглашению Президента Республики Корея Юн Сок Ёля вылетел сегодня, 2 декабря, в г. Сеул с официальным визитом.
Запланированы двусторонние переговоры Президента Кыргызстана Садыра Жапарова с Президентом Республики Корея Юн Сок Ёлем и со Спикером Национальной Ассамблеи Республики Корея У Вон Шиком.
Стороны обсудят весь комплекс кыргызско-корейского двустороннего сотрудничества и перспективы их развития, а также обменяются мнениями по вопросам регионального и международного характера.
В ходе визита также состоится встреча с Президентом Ассамблеи и Председателем Института глобального роста, бывшим Генеральным Секретарем ООН Пан Ги Муном.
Кроме того, Глава государства, проведет встречу с представителями корейского бизнеса.
Президент Садыр Жапаров встретился с Главой Якутии Айсеном Николаевым
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 29 ноября, встретился с Главой Республики Саха (Якутия) Айсеном Николаевым в Ынтымак Ордо.
Президент Садыр Жапаров подчеркнул значимость визита для укрепления отношений между Кыргызстаном и Якутией, отметив общие культурные и исторические связи, а также стратегическое партнерство с Россией. Он подчеркнул успех культурных и спортивных мероприятий, таких как гастроли театра оперы и балета Республики Саха и чемпионат мира по хапсагаю, и выразил надежду на предстоящий чемпионат по мас-рестлингу.
Особое внимание Садыр Жапаров уделил развитию торгово-экономического взаимодействия, привлечению инвестиций и созданию совместных предприятий. В этой связи он предложил наладить обмен бизнес-миссиями и также отметил туристический потенциал обеих сторон.
Садыр Жапаров подчеркнул значимость фигуры Максима Аммосова, увековеченного памятником в Бишкеке, и выразил признательность за почитание наследия Чынгыза Айтматова в Якутии. Он отметил планы проведения в 2025 году Дней культуры Якутии в Кыргызстане, выразив уверенность в их высоком уровне.
В свою очередь, Глава Республики Саха Айсен Николаев отметил, что впервые находится на братской земле Кыргызстана и искренне поблагодарил за теплый прием и гостеприимство Президента Кыргызстана. Он подчеркнул, что Якутия высоко ценит возможности для развития сотрудничества с Кыргызстаном.
Айсен Николаев подчеркнул, что уже отмечается рост товарооборота между регионами, и руководство Якутии намерено активно содействовать бизнесу и предприятиям в установлении более тесных связей с кыргызской стороной. В рамках встречи Айсен Николаев предложил провести в 2026 году в Кыргызстане уличные игры «Дети Азии», подчеркнув, что это событие станет символом дружбы и внесет значительный вклад в развитие спортивного взаимодействия.
В завершение стороны отметили готовность поддерживать инициативы по укреплению сотрудничества.
Президент Садыр Жапаров Якутиянын Башчысы Айсен Николаев менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда, Ынтымак ордодо Саха (Якутия) Республикасынын Башчысы Айсен Николаев менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн сапардын маанилүүлүгүн, жалпы маданий жана тарыхый байланыштарды, ошондой эле Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү белгиледи. Ал Саха Республикасынын опера жана балет театрынын гастролдору жана хапсагай боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу маданий жана спорттук иш-чаралардын ийгилигин баса белгилеп, мас-рестлинг боюнча алдыдагы чемпионатка үмүт артарын билдирди.
Садыр Жапаров соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу ал бизнес-миссиялар менен алмашууну жөнгө салууну сунуштады жана ошондой эле эки тараптын туристтик потенциалын белгиледи.
Садыр Жапаров Бишкекте эстелик түрүндө түбөлүккө калтырылган Максим Аммосовдун инсан катары маанилүүлүгүн баса белгилеп, Якутияда Чыңгыз Айтматовдун мурасын урматтагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2025-жылы Кыргызстанда Якутия Маданият күндөрүн өткөрүү пландарын белгилеп, алардын жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Саха Республикасынын Башчысы Айсен Николаев боордош Кыргызстан жерине биринчи жолу келгенин белгилеп, Кыргызстандын Президентин жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал Якутия Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жогору баалаарын баса белгиледи.
Айсен Николаев региондор ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканын белгилеп, Якутиянын жетекчилиги бизнес жана ишканаларга кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү көздөп жатканын айтты. Жолугушуунун алкагында Айсен Николаев 2026-жылы Кыргызстанда «Азия балдары» көчө оюндарын өткөрүүнү сунуштап, бул иш-чара достуктун символу болуп, спорттук өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошоорун баса белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты бекемдөө боюнча демилгелерди колдоого даяр экендигин айтышты.