Буга чейин USAIDдин ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрү менен бөлүшкөнбүз (
шилтеме,
шилтеме,
шилтеме).
—-
Таза кыргыз балы USAID-дин колдоосу менен дүйнөгө белгилүү болууда
🍯🐝🍯🐝
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) кыргыз балынын экспорттук дарамети жетиштүү пайдаланылбай жатканын байкап, бал консолидатору Вячеслав Кучеренкого көмөк көрсөткөн, ал Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өзүнүн « Медовая Артель» брендин каттаган жана чет өлкөлүк соода аянтчаларына чыгуу мүмкүндүгүн алган.
Үч муундан бери Вячеславдын үй-бүлөсү Чүй облусунда бал өндүрүү менен алектенип, юридикалык жак түзүлгөнгө чейин жүз жылдан ашык убакыт өттү. Өз ишин кеңейтүүгө умтулуп, 2010-жылы Вячеслав өзүнүн бал челектеринен жана өлкө боюнча ондогон башка бал челекчилерден таза балды жана бал челекчилик өнүмдөрүн агрегаттоону, чийки балды кайра иштетүүнү жана аны чет өлкөдөгү сатып алуучуларга сатууну баштаган. USAIDдин Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү боюнча демилгеси (TCA) бул коммерциялык демилгени ишенимдүүлүк менен колдоого алган.
https://usaidcentralasia.exposure.co/usaid-22