View in Telegram
Ишкерлерди онлайн каттоо Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо сервисин ишке киргизди. Эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат. Сервис каттоо процессин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлердин салык органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүү максатында ишке киргизилди. Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан "Каттоо" бөлүмүн тандап, андан кийин "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП) же Smart-iD KG колдонууга болот. Cabinet.salyk.kg сайтынын "Каттоо" бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет. Бул кызматты колдонуу жөнүндө кошумча маалыматты төмөнкү сайтынан алууга болот Cabinet.salyk.kg (cabinet.salyk.kg/manual "Жетекчилик" бөлүмү)
Telegram Center
Telegram Center
Channel