View in Telegram
БАШ ТАРТУУ УКУГУ 🇰🇬
Кечээ эле биздин класс жетекчибиз чогулушта балдарыбызды эмдетебиз деди. Вакцина КК деп аталат. Ошол убакытта эле ал баш тартуу кабыл алынбайт дейт. Бизде Кыргызстанда ушундай мыйзам барбы?
Саламатсызбы. Мыйзам боюнча ата-энелер биринчиден баш тартууга укуктуу, экинчиден эмдөө ата-эненин макулдугу менен гана жасалат. Эгер алар мектепке киргизбей коёбуз деп коркутса, бул мектеп тарабынан ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана баланын билим алуу укугун бузуу болуп калат. Эгерде бала мектепке катталса, эмдөөнүн жоктугунан аны сабактан четтетүү такыр мүмкүн эмес. Мыйзам боюнча сиз балаңызды мектепке же бала бакчага биринчи жолу орнотуп жатканда жугуштуу оорунун очогу чыгып, эпидемиянын коркунучу болсо, ошондо да бир чектелген убакытка гана окуу жай мекемелерге кабыл алынбайт. Сиз менен сүйлөшүүлөрдү мектептин мөөрү жана директордун колу менен кагаз жүзүндө жазуу жүзүндө гана жүргүзүүнү талап кылыңыз. Эч кандай оозеки коркутууларды кабыл албаңыз. Балаңыз менен сүйлөшүңүз, ал дарыгерге, анын кабинетине такыр барбашын жана эч кандай кагазга кол койбошун үйрөтүңүз. Эгер колуңузда баланын укугу бузулуп жаткандыгы тууралуу жазылган кагаздар болсо, анда прокуратурага арыз менен кайрылсаңыз болот. Документсиз эч кандай далил жок. Азыр бир гана нерсе бар, эмдөөдөн баш тарткандарды балдар иштери боюнча комиссияга билдирилет деген эреже бар. Ал ар бир мэрияда же акимчиликте түзүлөт. Анын курамына милиция, социалдык кызматтар, мэрия кызматкерлери жана дарыгерлер кирет. Ошол комиссияга илинип калбаш үчүн, сиз жазуу жүзүндөгү баш тартууларды жазбаңыз. Эмдөөдөн баш тарттым деп айтпаңыз жана доктурга мектептин ичинде балага тийүүгө тыюу саласыз деп айтыңыз жана арыз жазыңыз. Мектеп дарыгери баланы укол салууга мажбурлай албайт жана баланы мектептен чыгара да ала албайт. Анын үстүнө азыр бир жыл мурункудай кызамык эпидемиясы жок. Аларга өлкөгө келген вакциналарды иштетүү гана керек. ❗️Бардык сүйлөшүүлөрдү төмөнкүдөй көз караштан жүргүзүңүз: ✔️ Сиз өз укугуңузду билесиз, ✔️ Ар кандай медициналык кызматтар ыктыярдуу жана ата-эненин макулдугу менен гана жүргүзүлөт, ✔️ Мектеп – бул билим алуу жана окуу жайы. Мектеп – медицина мекеме эмес.
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Find friends or serious relationships easily