View in Telegram
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишим ратификацияланды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Келишимдин негизги максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо болуп саналат. Келишим 1997-жылдын 8-апрелиндеги Түбөлүк достук жөнүндө келишимди жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Бирлик мамилелери жөнүндө келишимди толуктайт, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келишим Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы саясий, аскердик-техникалык, экономикалык, инвестициялык, транзиттик-транспорттук, суу-энергетикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле миграция жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү комплекстүү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет. ***** Ратифицирован Договор об углублении и расширении союзнических отношений между Кыргызстаном и Казахстаном Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Договора об углублении и расширении союзнических отношений между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан, подписанного 19 апреля 2024 года в городе Астане». Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 30 октября 2024 года. Основной целью Договора является дальнейшее укрепление кыргызско-казахстанских добрососедских отношений в духе союзничества и стратегического партнерства. Договор дополняет Договор о вечной дружбе от 8 апреля 1997 года и Договор о союзнических отношениях от 25 декабря 2003 года, а также открывает новые возможности для дальнейшего развития двустороннего взаимодействия. Договор придаст дополнительный импульс комплексному развитию двустороннего взаимодействия в политической, военно-технической, экономической, инвестиционной, транзитно-транспортной, водно-энергетической, научно-технической, культурно-гуманитарной сферах, а также в сфере миграции и экологической безопасности между Кыргызской Республикой и Республикой Казахстан.
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Find friends or serious relationships easily