View in Telegram
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга келди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-декабрда, Корея Республикасына расмий сапар менен келди. Сеул шаарынын аэропортунда Мамлекет башчысын Корея Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Жо Гу Ре жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлдү, Ардак кароолдун ротасы тизилди. Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат. Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын Президенти жана Глобалдык өсүү институтунун Төрагасы, БУУнун мурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. **** Президент Садыр Жапаров прибыл с официальным визитом в Сеул Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 декабря, прибыл с официальным визитом в Республику Корея. В аэропорту города Сеул Главу государства встретил Вице – министр иностранных дел Республики Корея Джо Гу Ре и другие официальные лица. На флагштоках аэропорта вывешены государственные флаги Кыргызстана и Кореи, расстелена ковровая дорожка, выстроена рота почетного караула. В рамках официального визита запланированы двусторонние переговоры Президента Кыргызстана Садыра Жапарова с Президентом Республики Корея Юн Сок Ёлем и со Спикером Национальной Ассамблеи Республики Корея У Вон Шиком. Стороны обсудят весь комплекс кыргызско-корейского двустороннего сотрудничества и перспективы их развития, а также обменяются мнениями по вопросам регионального и международного характера. В ходе визита также состоится встреча с Президентом Ассамблеи и Председателем Института глобального роста, бывшим Генеральным Секретарем ООН Пан Ги Муном. Кроме того, Глава государства проведет встречу с представителями корейского бизнеса.
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Find friends or serious relationships easily