View in Telegram
Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн, 2-декабрда, Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат. Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын Президенти жана Глобалдык өсүү институтунун Төрагасы, БУУнун мурдагы Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот. Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. ******** Президент Садыр Жапаров вылетел с официальным визитом в Сеул Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, по приглашению Президента Республики Корея Юн Сок Ёля вылетел сегодня, 2 декабря, в г. Сеул с официальным визитом. Запланированы двусторонние переговоры Президента Кыргызстана Садыра Жапарова с Президентом Республики Корея Юн Сок Ёлем и со Спикером Национальной Ассамблеи Республики Корея У Вон Шиком. Стороны обсудят весь комплекс кыргызско-корейского двустороннего сотрудничества и перспективы их развития, а также обменяются мнениями по вопросам регионального и международного характера. В ходе визита также состоится встреча с Президентом Ассамблеи и Председателем Института глобального роста, бывшим Генеральным Секретарем ООН Пан Ги Муном. Кроме того, Глава государства, проведет встречу с представителями корейского бизнеса.
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Love Center - Dating, Friends & Matches, NY, LA, Dubai, Global
Find friends or serious relationships easily