⬆️⬆️⬆️
МЕДИЦИНАЛЫК КИЙЛИГИШҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУ АРЫЗДЫ КАНТИП БЕРҮҮ КЕРЕК (НУСКАМАЛАР)
-1-
Бул медициналык кийлигишүүгө тыюу салуунун бир түрү.
Мектептин мүдүрү (директор) жана башка кызматкерлери бул документке кол коюудан баш тартууга укугу жок.
Бул уруксат суроо эмес, бул эскертүү.
Сиз өз эркиңизди билдирдиңиз, алар аны окуганынын белгиси катары кол коюшу керек.
Эгер бир нерсе болуп кетсе, сиз аларды эскерткениңизге далил катары болот.
-2-
Бул форма бала бакчаларга, мектептерге жана башка окуу жайларга жарайт.
Ата-эне, чоң ата, чоң эне же башка мыйзамдуу өкүл тарабынан тейленет.
18 жашка чыга элек балага кызмат кылат.
-3-
Сиз 2 нусканы басып чыгарышыңыз керек (бул документтин алгачкы эки барагын эки тараптан басып чыгарыңыз).
Бардык көчүрмөлөрдү толтуруңуз (мектептин номери, директордун аты-жөнү, сиздин аты-жөнү, баланын аты ж.б.).
Дата жана бардык көчүрмөлөргө кол коюулушу керек.
-4-
Бардык көчүрмөлөрдү директордун кабыл алуу бөлүмүнө (катчыга) алып барыңыз жана тапшырган документтин номерин алыңыз.
Бардык нускаларга номери бар штамп коюлушу керек.
Номер кирүүчү документтердин журналында да камтылганын текшериңиз.
Мөөрү бар бир нуска сизде, экинчиси - директордо калат.
-5-
Андан ары:
1) Директор карап чыгып, кол коюшу керек.
2) Анын колтамгасын алгандан кийин класс жетекчиси жана мектеп дарыгери да (эгерде медайым болсо, анда ал да) документке кол коюу керек.
3) Бардык керектүү колдорду алгандан кийин, өзүңүздүн тыюуңуздун 3 нускасын түзүңүз:
- класс жетекчиси үчүн (окуучунун өздүк делосуна тиркелсин);
- дарыгер үчүн (окуучунун медициналык картасына тиркелсин);
- бала үчүн (врачтардын эч кимиси ага жакындабашы үчүн, ал дайыма рюкзакта көчүрмөсүн алып жүрсүн).
4) Тыюу салуунун түп нускасы толтурулуп, бардыгы кол койгону менен сакталсын!
-6-
Директорго, класс жетекчиге жана дарыгерге сиздин тыюуңузду бузуу жана баланын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыктарын эскертиңиз.
-7-
Балаңызга ФАПка барбоого үйрөтүңүз.
Кандайдыр бир медициналык процедурага чакырса балаңызды, биринчи СИЗГЕ АЙТСЫН.
-8-
Эгерде директор кол коюудан баш тартса, анын колу жок деле калган кадамдардан (класс жетечиси, дарыгер) өтүңүз. Сиздин максат - мыйзамсыз аракеттерди түздөн-түз аткаруучуларды эскертүү
(жана бул класс жетекчи жана дарыгер).
https://t.center/bash_tartuu_KG/602