Таласта “2023-2027-жылдары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга” арналган тегерек үстөл болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелованын жетекчилиги алдында ЭККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын колдоосу менен Талас облусунун Талас шаарында “2023-2027-жылдары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу” темасына арналган тегерек үстөл болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, тоолуу калктуу конуштардагы климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу, тоолуу райондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, анын ичинде тоо азыктарын жана тоо туризмин илгерилетүү, тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелер, долбоорлор жана стратегиялар, ошондой эле тоо экосистемаларын коргоо боюнча актуалдуу темаларды талкуулашты. Алар мал чарбачылыгын, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү жана тоо азыктарына кошумча нарк тизмегин киргизүү боюнча пилоттук долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан тышкары Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты ишке ашыруунун Жол картасына өзгөчө көңүл бурулду.
Тегерек үстөлдүн алкагында Талас облусунун органикалык аймактары, “Бир айыл – бир продукт” долбоору, Дестинация Талас, ошондой эле Талас облусунун мындан аркы өнүгүү потенциалы боюнча баяндамалар жасалды.
Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка кеңири токтолуп, ошондой эле сунушталган демилгелерди ишке ашыруу мамлекеттин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү коомчулуктун активдүү өз ара аракеттенүүсү менен мүмкүн экендигин баса белгиледи.